Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Доналд Рамсфелд Бишкекке келди


АКШнын мурдагы коргоо министри Доналд Рамсфелд бул күндөрү Бишкекте жеке сапарда жүрөт. Бул жакта ал дагы эки күн болоорун "Азаттыкка" жеке булактар кабарлады. "Эч кандай саясый сүйлөшүүлөр, жолугушуулар өткөн жок. Рамсфелд мырза кыргызстандык студенттерге стипендия берүү маселесин караштырууда", - деп кабарлашты "Азаттыкка".

Доналд Рамсфелд эки ирет АКШнын коргоо министрлигин жетектеген. Өзүнүн жеке фонду бар. Ал фонд мамлекеттик кызматты окуган аспиранттарды, жаш лидерлерди колдойт жана кайрымдуулук менен алектенет. (RK)

XS
SM
MD
LG