Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Аким: Өзбек чек арачылары Кыргызстан аймагына кирип келип ок чыгарган


Өзбек чек арачылары кыргыз-өзбек чек арасынан өтүп, Кыргызстандын ичине 500 метрдей кирип барып ок чыгарган. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кадамжайдын акими Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранына алгач чек арадан 200 метрдей өтүп келип аткан. Ал качканда артынан 500 метрдей кубалап барып, кире качкан үйдүн короосунан балдардын көзүнчө башка аткан.

19-июндан 20сына оогон түнү кыргыз-өзбек чек арасындагы Гүлпиян айылында өзбек чек арачылары кыргызстандык жаран, 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып салган. Күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган эки жүздөй киши бүгүн Гүлпиянга жыйылып бир жарым саат жол бууган. Маркумдун артында беш баласы жетим калды, кенжеси бир жашта. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG