Жогорку Кеңеш бүгүн "Манас" аба майданындагы НАТОнун Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдоду. Каттоодон өткөн 96 депутаттын 91и макул деп добуш берди, бешөө каршы болду.
Тартип боюнча эми бул мыйзам долбооруна президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
“Манастагы” Транзиттик борбор тууралуу жана ага байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы 22-июнда кол коюлган. Бул макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун өкмөт парламентке бир ай мурун жөнөткөн.
Транзит борбор аркылуу НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышкан учактар тейленет. "Манас" аба майданын ижарага алганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга жылына 60 миллион доллар төлөйт. (RK)