Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Түркмөнстанда Израилдин элчиси аккредитациядан өттү


Түркмөнстанда биринчи жолу Израилдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шеми Цур ишеним грамоталарын президент Гурбангулы Бердимухаммедовго тапшырды. Түркмөн медиасы кабарлагандай, Шеми Цур ошондой эле түркмөн президентине Израилдин президенти Шимон Перестин чакыруусун берди.

Шеми Цур - Израилдин Түркмөнстандагы элчисине экинчи талапкер. Биринчи талапкер Мосаддын мурдагы агенти Руевен Даниел Иранда толкундоолорду уюштурду деп кабыл алынган эмес.

Израил жана Түркмөнстан дипломатиялык мамилелерди 1992-жылы түзгөн, бирок Израил 2009-жылы гана Түркмөнстанга элчи жөнөтүү ниетин билдирген. (AiK)

XS
SM
MD
LG