Бул тууралуу билдирген орус тышкы иштер министри Сергей Лавров өз кооптонууларын да жашырган жок. Санкт-Петербругда экономикалык форумга катышып жаткан Лавров өзөктүк куралды азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр көп тараптуу болушу керектигине басым жасады:
- Глобалдык стратегиялык туруктуулукка бир гана ядролук курал таасир этпейт. Ага коргонуу стратегиялык системалары таасир этет.
Кечээ АКШ президенти Барак Обама өзөктүк куралдын санын кыскартууну Берлиндеги Браденбург дарбазасында сүйлөгөн учурунда жарыялаган.
АКШ менен Орусия Стратегиялык куралды кыскартуу боюнча Обаманын биринчи бийлик мөөнөтүндө түзгөн келишимге ылайык, тараптар ар бириндеги өзөктүк дүрмөттөрдү 1550гө түшүрүүнү макулдашкан. Эгер дагы үчтөн бирге кыскартылса бул эки державанын ар биринде миңден өзөктүк дүрмөт калат дегенди билдирет.
Обама ошондой эле АКШ менен Орусиянын Европадагы тактикалык куралдарынын санын да кыскартууну сунуштады. Бул арада орус президенти Путиндин билдиргенине караганда, Москва стратегиялык өзөктүк куралдар боюнча дисбаланска жол бере албайт.
Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаковдун айтымында, өзөктүк куралды кыскартуу жараянына андай куралга ээ башка өлкөлөрдү да тартуу абзел. (AiK)