Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Талибдер АКШ менен туткундарды алмаштырууга даяр


Ооганстандагы талибдер АКШнын 2009-жылы аларга туткунга түшкөн америкалык аскер кызматкерлерин Гуантаномодо отурган беш талибге алмашууга даяр экенин билдиришти. Талибдердин Катардагы ачык кеңсесиндеги өкүлү бул тууралуу Associated Press маалымат агенттигине кабарлады. Алардын айтымында, бул алмашуу АКШ менен Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн башталышына мүмкүнчүлүк ачат.

Бир аз мурадараак талибдер менен америкалыктардын сүйлөшүүсү ушул жумада болоору айтылган. Бирок АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча өкүлү Жеймс Доббинс Катарга сапарын кийинкиге жылдырды.

Ал эми Ооганстандын президенти Хамид Карзай өз өкүлүн Катарга качан гана тынчтык сүйлөшүүлөрүн ооган өкмөтү жетектегенде жиберерээрин билдирди. (AiK)

XS
SM
MD
LG