Пакистан өкмөтү талибдер менен АКШын сүйлөшүүсүн уюштурууга, көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү бейшембиде Исламабадда билдирди. Талибдер шейшембиде Катарда өз өкүлчүлүгүн ачып америкалык өкмөт менен сүйлөшүүгө барарын тастыктаган.
Тараптар кечээ, бейшембиде кездешкени жаткан. Бирок АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын чабарманы Жеймс Доббинс Катарга сапарын кийинкиге калтырды.
Ал арада талибдер 2009-жылдан бери туткунда кармап отурган америкалык жоокерди Гуантанамо түрмөсүндөгү беш талибге алмашууга даяр экенин шардана кылды. Талибдер туткундарды алмаштыруу сүйлөшүү алдындагы маанилүү шарт экенин билдирүүдө. (EBM)