Көл жээгинде КМШнын Жаштар форуму өтүп жатат. Аны Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети жана КМШнын парламент аралык ассамблеясы биргелешип уюштурду. Бир апта бою Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын өкүлдөрү илим-билим, маданият багытында пикир, тажрыйба алмашат. Уюштуруучулар бул форумду эми жыл сайын өткөрүп турууну көздөп жатат. (RK)