Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Баткендин беш айылына сирена орнотулду


Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан беш айылына сирена орнотулду. Кабарчыбыздын айтымында, ар бир айылдан бирден жооптуу адам атайын даярдыктан өттү. Анын чөнтөк телефонуна тиешелүү программа орнотулган. Кооптуу жагдай түзүлгөн учурда ал телефонундагы бир кнопканы басканда айылдын ортосуна орнотулган үн катуулаткычтан сирена үнү угалат. Мындай жол менен тургундарга жаратылыш кырсыгы же башка кооптуу абал түзүлгөндө белги берилет. Жергиликтүүлөр бул ыкма чек-ара жаңжалдары чыкканда да колдонулаарын айтууда.

Кыргызстандык ойлоп табуучулар жасаган бул сиреналык аппарат салмагы 2 килограммдык кутучадан, чөнтөк телефон жана үн катуулаткычтан турат. Алгачкы жолу иш жүзүндө колдонулууда.

Сирена кыргыз-тажик чек арасындагы Лейлек районунун Кулунду жана Баткен районунун Ак-Сай, Капчыгай, Үч-Дөбө, Көк-Таш айылдарына орнотулду.

Мурдагы күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы Кадамжай районунда өзбек чек арачылары бир кыргызстандык жаранды өзгөчө мыкаачылык менен атып өлтүрүп салды. Чек ара жаңжалдары бул аймакта көп катталат. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG