Бишкектеги өзбек элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтөт. Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров элчиликке барып Кадамжайда кыргызстандык жаранды атып өлтүргөн өзбек чек арачысын кыргыз күч түзүмдөрүнө өткөрүп берүүнү, өлтүрүлгөн жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөөнү жана мыкаачылык менен киши өлтүргөн өзбек чек арачысын кызматтан кетирүүнү талап кылат. Мунун баарын кагазга жазып элчиликке тапшырат. Ошондой эле Токтонасыров кыргыз өкмөтүнө кайрылып ушул окуя үчүн Өзбекстанга суу берүүнү токтотуу талабын койгону жатат.
19-июндан 20сына оогон түнү Баткенде кыргыз-өзбек чек арасындагы Гүлпиян айылында өзбек чек арачылары кыргызстандык жаран, 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып салган. Маркумдун артында беш баласы жетим калды, кенжеси бир жашта. (RK)