"Батукаев түрмөдөн чыккандын эртеси мага Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев чалып, бул тууралуу маалымат берүүнү суранган", - деп билдирди бүгүн журналисттерге акыйкатчы Турсунбек Акун. Ал муну менен аны пайдалануу аракети жасалганын айтты.
"Көрсө бийликте иштеген Табалдиев сыяктуу адамдар Батукаевди бошотууга тиешеси бар чиновниктердин баарын бул маселе боюнча комментарий бердирбей "биз берсек туура болбой калат, коомчулук туура эмес түшүнөт" деп баягы эле мени алдыга салып, коомчулукка жаман көргөзүп, өзүлөрү эч күнөөсү жок "ак периште" болгусу келгенин кийин билип жатам", - деди Турсунбек Акун.
Акыйкатчы ошондой эле Батукаевдин чыгып кетишине бөгөт койбогон Баш прокурор Аида Салянованын да күнөөсү бар деген оюн айтты.
Бир катар оор кылмыштар үчүн соттолгон "криминалдык чөйрөнүн лөгү" делген Азиз Батукаев айыккыс ооруга чалдыкты деген себеп менен быйыл 9-апрелде сот аркылуу бошонуп кеткен. Кийин анын оорусу тууралуу аныктама күмөн жаратып, бул маселе парламентте кызуу талкууланган. Бир катар жетекчилерди кызматтан алуу сунушу айтылган.
10-апрелде Турсунбек Акун массалык маалымат каражаттары аркылуу Батукаев оорусуна байланыштуу абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылды деп интервью берген. (ZB/RK)