Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Жапаров: Кумтөр боюнча митингдер дагы уланат


Кумтөр боюнча митингдер дагы уланат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров Караколдо өткөн тынч митингде айтты. Депутаттын соттон бошонуп чыкканына байланыштуу уюштурулган акцияга 300дөй киши катышты. Митинг аяктагандан кийин баары кафеге түлөөгө чакырылды.

"Ата-Журт" фракциясынан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов былтыр 3-октябрда Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча инвестор менен макулдашууну жокко чыгаруу талабын коюп митинг өткөргөн. Митинг Ак үйдүн темир тосмосунан ашып түшүү менен коштолгон. Ошол күнү алар мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган. Райондук сот аларды 1-1,5 жылга кескен. Ал эми шаардык сот 17-июнда үч депутатты бошотту. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG