Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Ош: Кыргыз күрөшү боюнча эл аралык турнирде кыргызстандыктар биринчи болду


Ош шаарында аяктаган кыргыз күрөшү боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар жалпы эсепте биринчи орунга ээ болду. Аларга өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнөн “Алтын кур” тапшырылды. Экинчи орун Кытайдан келген балбандарга, үчүнчү орун казакстандыктарга ыйгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган спорт мелдешине Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 80 күрөшчү катышты. Алар 60-80 килограмм салмакта күч сынашты. Үч баскычта өткөн мелдештин баарында кыргызстандыктар биринчи орунду алды.

Аталган мелдеш өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Республикалык күрөш федерациясы тарабынан быйыл алгачкы жолу Ошто уюштурулуп жатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG