Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Алиев: Азербайжанда саясий себеп менен түрмөгө отургузулган бир да адам жок


Хосе Мануэл Баррозу (оңдо) менен Илхам Алиев, Брюссель 21-июнь, 2013
Хосе Мануэл Баррозу (оңдо) менен Илхам Алиев, Брюссель 21-июнь, 2013
Бүгүн Брюсселде Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушкандан кийинки маалымат жыйынында сүйлөп, Алиев: “Азербайжанда басма сөз эркиндиги чектелип, оппозиционерлер түрмөгө отургузулуп жатат деген өңдүү сөздөрдүн баары жалган”, - деди. Алиев “Азаттыктын” кабарчысынын “массалык башаламандык түзгөн” деген себеп менен камалган оппозиционер Илкар Маммадов жөнүндө суроосуна жооп берип жатып ушундай деди.

"Биринчиден айтаарым, менин саясий атаандаштарымдын бири да түрмөдө эмес. Бул такыр натуура маалымат, - деди президент Алиев. - Мен сиздерге айтып коеюн, Азербайжанда бир да саясий туткун жок. Эгер сиздер Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын январдагы жыйынын жакшылап окуп көрсөңүздөр, ал жерде кеңеш Азербайжандагы саясий туткундар жөнүндө баяндоону четке каккан. Менимче, бул маселеге чекит коюлган".

Президент Алиев быйыл октябрда өлкөдө президенттик шайлоону ачык жана акыйкат өткөрүүгө бүт шарт түзүлгөн деп айтты. Аны менен бирге маалымат жыйынында Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Баррозу:

“Азербайжандагы адам укуктарынын абалы толугу менен европалык стандарттарга жооп бербесе да, СССР кулагандан бери өлкөдө жаралган позитивдүү өзгөрүүлөрдү тааныганыбыз маанилүү”, - деп билдирди. Алар экөө тең жыйында Азербайжан менен Евробиримдиктин ортосундагы энергетикалык кызматташтыкка көбүрөөк токтолууну туура көрүштү.

XS
SM
MD
LG