Камактан чыккан "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тургундары менен жолугушат. “Биз силерди сагындык” деп аталган концерттик жолугушуу бүгүн кечинде Жалал-Абад шаарында башталат. Концерт эртең Ошто, 24-июнда Баткен шаарында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын Оштогу координатору Дарыя Шабданова билдирди.
Анын айтымында, иш-чара депутаттардын камактан чыкканына байланыштуу уюштурулуп жатат. Жолугушуулардын баары борбордук футбол аянттарында өтөт. Шабданова депутаттардын иш-чарасын белгилүү маданият кызматкерлери коштоорун кошумчалады. (SE)