Улуттук буюм-тайымдарды жасаган уста, ууз, кооперативдер, кичи ишканалар, өнөрканалар катышкан “Кыргыз шырдагы” фестивалы бүгүн башталды.
Үч жылдан бери жылына бир жолу өткөрүлүп келаткан фестивалда кол эмгегинен жаралган табылгалар көрсөтүлүп, аларды жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулат. Шырдак, кийиз жасаганды, чий, ат токуганды, сайма сайганды каалоочулар ушул жерден үйрөнүп, улуттук салт-санааларга күбө боло алышат.
Фестивал бүгүн жана эртең Нарын районунун Салкын-Төр өзөнүндө өтөт. (AKu)