Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Москва: "Адам укуктары үчүн" кыймылынын кеңсесин полиция күч менен басып алды


Күбөлөр менен укук коргоочулардын айтымында, ондогон адам түрдүү жаракаттарды алышты. Аталган уюмдун жетекчиси Лев Пономарёв "Интерфакс" агенттигине берген маегинде полициянын атайын маанидеги ыкчам тобу (ОМОН) кирип келгенде, кеңседе сегиз адам отурганын, полиция зордук-зомбулукка жол бергенин айтты.

Москванын борборундагы бул уюмдун кеңсесин полиция жума күндөн бери курчоого алган. Шаар бийликтери кеңсенин ижара мөөнөтү бүткөнүн тастыктоодо. «Адам укуктары үчүн» кыймылы бул кеңсени 15 жылдан бери ижарага алып жүргөн.

"Эхо Москвы" радиосу полиция Орусиянын Адам укуктары боюнча атайын укуктуу өкүлү Владимир Лукинди имаратка киргизбей койгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG