Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Индиянын түндүгүндө суу ташкында он миңдеген адам жабыркады


Уттараханд штатындагы суу ташкын менен коштолгон жер көчкү жүргөн аймактардан миңдеген адамдарды куткаруу иштери жүрүүдө. Индиянын коопсуздук министри ишембиде 33 миң киши Химачал-Прадеш штатынан көчүрүлгөнүн билдирди. Гуманитардык уюмдар он миңдеген адамдар дайынсыз экендигин кабарлоодо. Алардын көбү ыйык жерлерге сыйынууга баргандар.

Эң катуу жабыркаган аймактардын бири - индустардын сыйынуучу жайлары жайгашкан Кедарнатх шаары. Андан сырткары Химачал-Прадеш, Уттар-Прадеш жана коңшу Непалда жаратылыш кырсыгынын кесепети оор болду. Соңку 60 жылда Индияда мынчалык нөшөрлөгөн жаан-чачын болгон эмес.

XS
SM
MD
LG