Президент Дилма Русеф тынч маанайда өткөн демонстрациялар демократиялык коомго мүнөздүү экенин, бирок зордук-зомбулук келишкис нерсе экендигин айтты. Русеф каршылык демонстрациялардын лидерлери менен жолугушуп, алардын арызын угаарын билдирди. Мамлекет башчы мамлекеттик тейлөө тармагында, анын ичинде билим берүү менен саламаттык сактоо системасында реформа жүргүзүүгө убада берди.
Жүз миңдеген адамдар катышкан демонстрацияларда коррупцияга каршы күрөшүү, футбол боюнча дүйнө чемпионаты баштаган спорттук мелдештердин билет баасын арзандатуу талаптары коюлган. Бейшембиде Бразилиянын жүздөн ашуун шаарында өткөн демонстрацияларга миллионго чукул адам катышып, полиция менен кагылыштарда ондогон кишилер жараат алып, эки киши набыт болду.