“Сириянын достору” деп аталган топко кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Катардын борбору Доха шаарында чогулууда. Сирияда президент Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга курал-жарак жеткирүү талкууланат. Бүгүнкү жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри келди. Андан башка Британия, Египет, Франция, Германия, Италия, Иордания, Катар, Сауд Арабия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери катышууда.
Өткөн аптада Кошмо Штаттар Сириянын өкмөтү козголоңчуларга каршы химиялык курал колдонгону далилденгенин, андыктан Вашингтон сириялык оппозицияга курал-жарак жеткирүүгө даяр экендигин билдирген. Евробиримдик болсо Сирияга курал ташууга тыюу салган эмбаргону алып салды. Орусия, Иран жана "Хезболла" уюму колдогон сириялык өкмөт соңку кезде козголоңчуларга соккусун күчөттү.