“Ата-Журт” партиясынын камактан чыккан үч депутаты кечээтен бери түштүк облустарында шайлоочулары менен жолугушуп жүрөт. Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров кечээ Жалал-Абад шаарында эл менен жолукса, бүгүн кечинде Ош шаарындагы шайлоочулары менен жолугушта. Партиянын Оштогу координатору Дарыя Шабданованын айтымында, жыйындар саясий максатты көздөбөйт. Ушундай эле жолугушуу эртең Баткенде өтөт. (AKu)