Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Пакистандагы чабуулдан 10 турист мерт болду


Пакистандын түндүгүндө мейманканадагы чабуулдан каза болгон туристтердин бирөө Орусиянын, бешөө Украинанын, дагы үчөө Кытай жарандары. Окуя Гималай тоолорунун этегиндеги Кашмирдин Кытай менен чектешкен Гилгит-Балтистан провинциясында болду. Кандуу чабуулду исламчыл "Жандуллах" тобу мойнуна алды. Бул топтун өкүлү «чет элдик душмандар менен алардын тарапкерлерине дагы аёо жоктугун» билдирди. Алар буга чейин да Пакистандын түндүгүндө шийиттерге бир канча жолу кол салган.

XS
SM
MD
LG