Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Эдвард Сноуден “Шереметьево” аэропортуна келип конду


АКШ өткөрүп алууну көздөгөн, Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Москванын “Шереметьево” аэропортуна Гонконгдон чыккан учак менен келип конду. Москвада Венесуэланын элчилигине конуп алып, эртең Гавана аркылуу Венесуэланын баш калаасы Каракаска сапар алат деген кабар тарады. “Аэрофлот” компаниясынын өкүлү болсо Сноуден деген жүргүнчү 24-июнда Москвадан Кубага учаарын тастыктаган.

Буга чейин АКШ Гонконг бийликтеринен Сноуденди өткөрүп берүүнү талап кылган. Гонконг болсо андан баш тарткан.

Июнь айынын башында Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган.

XS
SM
MD
LG