АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Эквадордон башпаанек сурады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Рикардо Патино Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
АКШ өткөрүп алууну көздөгөн Эдвард Сноуден жекшемби күнү Гонконгдон учуп чыгып, Москвага келип конгон. Ал андан ары Москвада аркылуу Венесуэланын баш калаасы Каракаска сапар алат деген кабар тараган болчу.
Июнь айынын башында Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Мындан кийин АКШ Сноуден жашырып жүргөн Гонконгдун бийликтеринен аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Гонконг болсо андан баш тарткан. Сноуден АКШга өткөрүлсө, өз аракети үчүн 10 жылдан ашык мөөнөткө кесилиши мүмкүн.