Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, май айындагы Жети-Өгүздөгү нааразылык акциясындагы башаламандык боюнча аталган райондун сотуна 7 административдик иш келип түшкөн. Бирок бул иштерде күнөөлүүлөр толук аныкталбагандыктан, кайрадан тергөө үчүн Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө кайтарылып берилди.
Өткөн айда Жети-Өгүздүн Саруу айылында башталып, Кумтөрдү иштеткен компанияга социалдык талаптарды койгон митинг чоң акцияга айланган. Митингчилер менен милиция ортосунда жаңжал чыгып, райондо бир нече күн өзгөчө абал жарыяланган.(BkA)