Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:19

Камактан чыккан депутаттар тарапкерлери менен жолугууда


Бишкек шаардык соту актап, камактан чыккан “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары түштүк аймагындагы тарапкерлери менен жолугушууда.

Жекшембиде мындай жолугушуу Ош шаарындагы стадиондо өттү. Уюштуруучулардын айтымында, 15 миңдей, милициянын маалыматында 12 миңге жакын адам катышты. Уюштуруучулар билдиргендей, бул жолугушуулар саясий максатты көздөбөйт. Депутаттардын тарапкерлерине ыраазылыгын билдирүү иретинде өткөрүлүүдө.

Буга чейин Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров Жалал-Абадда тарапкерлери менен жолуккан, бүгүн болсо Баткен облусунда жолугушуу өтмөкчү.(SE\BkA)

XS
SM
MD
LG