Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Нарын: айыл чарба өнүмдөрүнүн 10 гана пайызы кайра иштетилет


Нарында эл аралык инвестициялык форумда аталган аймакта кайра иштетүү ишканалары керек экени айтылды. Маалыматка карганда, региондо айыл чарба өнүмдөрүнүн 10 гана пайызы кайра иштетилет, дээрлик 30-40 пайызы кайра иштетилбей коромжу болот. Ушундан улам этти, сүттү кайра иштетүү боюнча ишканаларды куруу үчүн инвестиция зарыл.

Нарын дотацияда отурган облус болуп саналат. Былтыр облустун бюджетиндеги таңкыстык 1 миллиард сомдон ашты. Бюджеттин киреше бөлүгү 383 миллион сомду түзөт. Ал эми чыгаша бөлүгү 1 миллиард 461 миллион сом.

Инвестициялык форумду өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү Эл аралык кызматташуу боюнча немис коомчулугу менен бирге уюштурду. (EBM)

XS
SM
MD
LG