Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

АКШ: Эквадор Сноудендин башпаанек боюнча арызын "анализдөөдө”


АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден жекшемби күнү Гонконгдон учуп чыгып, Москвага келип конгон. Ал андан ары Москва аркылуу Венесуэланын баш калаасы Каракаска сапар алат деген кабар тараган болчу. Кечээ Эквадор бийликтери Сноуден башпаанек сураганын жарыялашкан.

АКШ орус бийликтеринен Сноудендин кармалышы жана АКШга жиберилиши боюнча көмөк күтөөрүн билдирген.

Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Алексей Пушков Сноудендин АКШга берилиши күмөн деген оюн айткан.

Америкалык сенатор-демкорат Чак Шумер CNN телеканалына Сноудендин Гонконгдон кетишине кытай бийлиги көмөктөшкөн, ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Сноуденди америка бийликтеринен бекитүүгө көмөтшүүдө деген пикирде.

Июнь айынын башында Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Мындан кийин АКШ Сноуден жашырып жүргөн Гонконгдун бийликтеринен аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Гонконг болсо андан баш тарткан. Сноуден АКШга өткөрүлсө, өз аракети үчүн 10 жылдан ашык мөөнөткө кесилиши мүмкүн. (AiK)

XS
SM
MD
LG