Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Сноуден бүгүн Москвадан Гаванага учушу мүмкүн


АКШ өлкөгө берилишин талап кылып жаткан Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден бүгүн Москвадагы “Шереметьево” аэропортунан Гаванага учушу мүмкүн. Орусия аны кармоого негиз жоктугун билдирүүдө.

Июнь айынын башында Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Мындан кийин АКШ Сноуден жашырып жүргөн Гонконгдун бийликтеринен аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Гонконг болсо андан баш тарткан. Сноуден АКШга өткөрүлсө, өз аракети үчүн 10 жылдан ашык мөөнөткө кесилиши мүмкүн. (AiK)

XS
SM
MD
LG