Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 24-июнда Бишкекте Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Патриция Флор менен жолукту. Анда Президент Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга белгиленген иш сапары, аталган биримдиктин институттарынын иши менен таанышуусунун маанилүүлүгүнө басым жасалды. Бул эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берет деп айтылды.
Министр Абдылдаев Борбор Азияда алгачкылардан болуп парламенттик демократия куруп жаткан Кыргызстан Европа биримдигинин экономикалык колдоосуна муктаж экенин белгиледи. Ооганстанды кайра калыбына келтирүү жараянына кыргызстандык компанияларды тартуу, аталган шаркеттен өлкөнүн чек арадагы аймактарына жардам тууралуу долбоорлорун күчөтүү тууралуу сөз болду.
Флор айым өз кезегинде уюм эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Аймактагы коопсуздук жана сот системасын реформалоо боюнча кызматташуу жанданарын белгиледи.(EBM)