Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Катардын эмири бийликти уулуна өткөрүп берет


Катарлык “Аль-Жазира” телеканалы Шейх Хамад бин Халифа Аль Тани бийликти өзүнүн 33 жаштагы уулуна өткөрүп бергени жатканын маалымдады. Такты бошотуу тууралуу расмий кабар жакында жарыяланмакчы. Божомолго караганда, өлкө лидеринин алмашуусу Катардын саясий багытын өзгөртпөйт.

61 жаштагы Шейх Хамад өлкөнү 1995-жылдан тарта башкарат. Ал бийликте турган маалда Катар аймактык жана эл аралык саясий майданда маанилүү оюнчуга айланган. Перс булуңундагы эки миллиондой эли бар анча чоң эмес бул өлкө АКШнын өнөктөшү деп саналат. (EBM )

XS
SM
MD
LG