Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Бразилия: Русеф референдум өткөрүүгө макул болду


Бразилиянын президенти Дилма Русеф бийликке каршы нааразылык акциялардан улам саясий реформа боюнча референдум өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле коомдук унаа системасын өнүктүрүүгө өкмөт 25 миллиард доллар сарптай турганын, айрым коомдук унаалар үчүн күйүүчү майга салыкты азайтарын айтты.

Бразилияда өкмөткө каршы демонстрациялар жол киренин кымбатташынан улам тутанган. Эки аптадан ашык убактан бери токтобой жаткан нааразалык акцияларда эмдиги жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына даярдыкка коротулган каражатты азайтуу талабы коюулууда.

Өткөн ишембиде өлкөнүн жүздөн ашык шаарында бир миллиондон ашык адам көчөгө чыкты. Полиция айрым жерлерде митингчилерди кууп таратуу үчүн газ колдонду. (EBM)

XS
SM
MD
LG