Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Нарында куюндан тогуз үй жабыркады


Нарында 23-июнда кечинде болгон куюн аралаш катуу шамалдан тогуз турак үй жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун бүгүн "Азаттыкка" айтымында, шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 20-22 метрге жеткен. Нарын шаарында төрт үйдүн жалпы эсептегенде 201 даана шифери, Кара-Чий айылында беш үйдүн 131 шифери талкаланган. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 184 миң сомду түздү. (RK)

XS
SM
MD
LG