Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Исмаилова Ташкенттен Алматыга учуп кетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлү Канатбек Шаршенбек билдирди. Анын айтымында, укук коргоочу Өзбекстанга кирүүгө тыюу салган адамдардын тизмесинде болгон. Мындан улам Ташкент аэропортунда кармалып, өлкөгө киргизилген эмес. Бүгүн Бишкекке каттам жок болгондуктан, бир саат мурда Алматыга учак менен учуп кетти. Шаршенбектин айтымында, Исмаилова менен элчилик кызматкерлери жолукту, анын саламаттыгы жайында. Ал Алматы аркылуу бүгүн Бишкекке келиши мүмкүн.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укуктук кыймылынын төрайымы, белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова кечээ кечинде Ташкенттеги аба майданда кармалган. Ал Өзбекстандын "кара тизмесине" киргени үчүн кармалганын жакындарына электрондук почта аркылуу кабарлоого жетишкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG