Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Баткендин тоолорунда жашынып жүргөн тажик жараны кармалды

Баткендин тоолорунда жашынып жүргөн тажик жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Ал 24-июнда Баткен чек ара отрядынын "Капчыгай" тозотунун аймагындагы Табыш-Тамдык деген капчыгайында кармалган. Ага чейин кыргыз чек арачыларына жергиликтүү тургундардан ошол жакта шектүү бир адам жүргөнү тууралуу кабар түшкөн. Үңкүрлөрдүн биринен кармалган кишинин жанында бир айга жетээрлик тамак-аш менен идиш-аяк, шам, ширеңке, төшөнчү, кийим жана чатыр табылган. Ал адам психикалык жактан оорулуу экени аныкталганы айтылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери аны тажык күч түзүмдөрүнө өткөрүп берди. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG