Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

“Айкын багыт”: Милиционер ала качуунун курмандыгына карата мыйзам бузду


Милиция кызматкери ала качуунун курмандыгы болгон өспүрүм кызды коргогондун ордуна ала качкан тарап менен кошо мыйзам бузууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” “Айкын багыт” фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова билдирди. Анын айтымында, окуя көлдүн Ак-Суу районунда өткөн аптада болгон.

17-июнда облустук сотто өспүрүм кызды ала качып, аны уруп-сабап кордук көрсөткөн деген айып боюнча соттук териштирүү болмок. Сотко 15 күн калганда кыз дайынсыз жок болуп кетип, 17-июнда гана кайрадан күйөөсүнүн үйүндө экени аныкталган. Апасы жана жакындары аны ал жактан алып кетип баратканда алдынан соттолуучу жарандын туугандары жана милиция кызматкери чыккан. Ички иштер кызматкери үч жолу сотко келбей койгону үчүн ал кызды күчтөп сотко жеткирүү боюнча тапшырма алганын айткан.

- “Кайсы негизде бизди токтотуп жатасыздар?” деп милиционерден сурасак, “Кызды кармоо боюнча токтом бар, бирок ал милицияда” деп жооп берди. Милицияга барсак ал кагаз жетекчиде экенин айтты, жетекчиси да келип эч бир документ көрсөтө алган жок, - дейт Бекназарова.

Бекназарова Кылмыш кодексинин 117-беренесинде 16 жашка чыга электерди күчтөп сотко алып барууга тыюу салынганын, анын үстүнө бул учурда кызды алып келүүгө алгачкы тергөө органы гана акылуу болгонун айтууда. Эң негизгиси - алардын никеси катталган эмес, андыктан, ала качкан тарап кызга эч кандай укугу жок, - дейт фонддун жетекчиси.

"Азаттык” бул маселе боюнча ИИМге кайрылды. ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев мыйзам бузуу болбогонун, ала качкан кишинин ата-энесинен арыз түшүп, ошонун негизинде милиционер аларды жолдон токтотконун айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG