Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын чалгын кызматында иштеп кеткен Эдвард Сноудендин жоголуп жатышына Орусиянын эч кандай байланышы жок экендигин билдирди. Бүгүнкү пресс-конференцияда министр «Орусия Сноудендин изин жашырып кетишине жардам берди» деген АКШнын айыптоосун «суу кечпейт» деп четке какты.
Лавров "Сноуден маршрутту өзү тандады, ал тууралуу биз эл катары кабарлардан уктук" деп ырастап, ошол эле убакта Сноуден Орусиянын чек арасын кесип өтпөгөнүн билдирди.
Буга караганда, качкын Шереметьево аба бекетинде болушу мүмкүн.
АКШнын тымызын тыңшоо программасынын бетин ачкан Сноуден жекшембиде Гонконгдон Москвага учуп, ошол бойдон табылбай жатат. АКШнын президенти Обама Сноуден кармалат деп ишендирген. jch