БУУнун жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахими Сириядагы кырдаал өтө татаал экендигин эскертти.
– Аймактагы кырдаал өтө коркунучтуу. Мындагы өкмөттөр менен катар АКШ, Орусия баштаган ири мамлекеттер кырдаалды колдон чыгарып жибербөөнүн чарасын көрөт деп абдан үмүттөнөм.
Брахими Сирия боюнча экинчи тынчтык курултайы июлга пландалгандыгын бышыктады. Мунун алдында Сауд Арабия Сирияга Ирандын кийлигишүүсүн «кооптуу» деп атаган. Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Сириядагы ички согушка Иран менен "Хезболла" уюмунун кийлигишүүсүн анын өлкөсү "коркунучтуу" көрүнүш деп эсептээрин билдирди.
Ханзаада Сауд ал-Файзал Тегерандын Сириядагы ролу тууралуу анык өлкөсү унчукпай кала албастыгын кошумчалады. Ал бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Кэрри менен Жеддадагы пресс-конференцияда сүйлөдү. Ал-Файзал ошондой эле сириялык козголоңчуларга согуштук жардам көрсөтүүгө жана Сириянын өкмөтүн курал менен камсыздоону токтотуучу чараларды кабыл алууга чакырды.