Беларуста майда жана орто бизнес ээлери ушул бейшембиде өкмөттөн Бажы биримдигинен чыгууну талап кылып, иш таштаганы жатышат.
Минскидеги Перспектива деп аталган коомдук биримдиктин төрагасы Анатол Шумчанка кабарчыларга Беларус ишкерлеринин форуму Казакстан менен Орусия да кирген Бажы биримдигине каршы кол тамга топтоого макулдашканын бышыктады.
Анын айтымында, Бажы биримдигинин эрежелери ишкерлер менен кеңешпестен кабыл алынган жана алардын кызыкчылыгына каршы келет. Шумчанка ишкерлер 1-июлдан баштан ири масштабда нааразылык акциясын баштоого даяр экендигин кошумчалады.
Мүчөлөр ортосундагы сооданы кеңейтүү максатын көздөгөн Бажы биримдиги 2010-жылы ишке кирген.
Кыргызстан бул биримдикке кирүүгө кызыкдар, мүчөлүк кыргыз жарандарына бул өлкөлөрдө иштөө жана социалдык коргоо укугун ыйгарат. Ошол эле мезгилде адистер Кыргызстандын өзүндө жумуш орундарынын дагы кыскарып, баалардын кескин өсөөрүн эскертишүүдө.