Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:04

Жон Керри Орусияны "тынчтанууга" чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри качкын чалгынчыга байланыштуу Орусияны тирешти курчутпоого чакырды. Керри бул тууралуу Сауд Арабияда иш сапары менен жүргөндө айтты.

Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын чалгын кызматында иштеп кеткен Эдвард Сноудендин жоголуп жатышына Орусиянын эч кандай байланышы жок экендигин билдирди.

Бүгүнкү пресс-конференцияда министр "Орусия Сноудендин изин жашырып кетишине жардам берди" деген АКШнын айыптоосун «суу кечпейт» деп четке какты. Ошол эле убакта Сноуден Орусиянын чек арасын кесип өтпөгөнүн билдирди. АКШнын тымызын тыңшоо программасынын бетин ачкан Сноуден жекшембиде Гонконгдон Москвага учуп, ошол бойдон табылбай жатат.

XS
SM
MD
LG