Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Талас: кен иштетүүгө каршы митинг өтөт


27-июнда “Талас ынтымагы” кыймылы Талас шаарында кен иштетүүгө каршы митинг уюштурат. Бул тууралуу аталган кыймылдын төрагасы Серен Шейшенов билдирди. Анын айтымында,  кыймылдын мүчөлөрү шейшембиде жыйналыш өткөрүп, анда 27-июнда Кумтөр кени боюнча келишимди бузуу талабы менен “Кумтөр-улут трагедиясы” аттуу митинг өткөрүү чечимин кабыл алышкан.

Таласта апрель айында кендерди иштетүүгө каршы нааразылык акциялары болуп өткөн. Анда нааразылык акциясына чыккандар - Кумтөр маселеси чечилмейинче облустагы Жерүй, Талды-Булак кендерин иштетүүгө каршылыгын билдиришкен. (BkA)

 

XS
SM
MD
LG