Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:15

Обама менен Карзай талибдер менен сүйлөшүүнү колдошту


АКШ президенти Барак Обама жана Ооганстандын президенти Хамид Карзай талибдер менен элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү колдоорун ырасташты. Эки лидердин видеоконференциясы Кабулдагы президенттик сарайга талибдер чабуул койгондон бир нече сааттан кийин болду. Шейшемби күнү таң эрте болгон аткылашууда үч күзөтчү жана төрт согушчан окко учкан. Обама жана Карзай талибдер менен сүйлөшүү Ооганстандагы зобун-зордукту токтотуунун эң мыкты жолу деп табышканын Ак үй маалымдады. Эки жак, ошондой эле, тынчтык сүйлөшүүсү өткөн аптада Катарда ачылган талибдердин кеңсесинде өтүү керек деп эсептешет. Карзай бирок Катардагы кеңседе талибдер Ооганстанды бийлеп турган кездеги тууну жана символдорду колдонушуна каршы.

XS
SM
MD
LG