Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Кыргызстандын туристтик брэнди эл аралык сынакта мыкты аталды


Кыргызстандын туристтик брэнди Минск шаарында өткөн аймактык маркетинг жана брэндинг боюнча эл аралык фестивалда мыктылардын катарына кирди. "OPEN 2013" деп аталган сынакка Орусия, Украина, Болгария, Беларус жана Кыргызстандын атынан 37 долбоор катышты. Кыргызстандагы туризмдин артыкчылыктарын даңазалаган логотип финалга чыкты. "Ушунчалык көп ачылыштар!" деген ураан жазылган бул логотип үч деңгээлдеги образдуу сүрөттөн турат. Алар - суу, тоо жана ачык асман. "Кыргызстан" деген жазуу кыргыздын улуттук оймо-чиймеси менен берилген.

OPEN-festival маркетинг жана брэнд тармагында тажрыйба алмашуу, бул багытта ийгиликке жетишкен адистерден сабак алуу жана өнөр таймашына катышуу мүмкүнчүлүгүн ачкан эл аралык иш-чара болуп эсептелет. (RK)

XS
SM
MD
LG