Борбордогу райондордун атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун депутат Абдрахман Маматалиев иштеп чыккан. Ага ылайык, Биринчи май районуна Чыңгыз Айтматовдун, Свердлов районуна Исхак Раззаковдун атын берүү сунушталууда. Сунуш депутаттар арасында талкуу жаратып, депутат Жылдыз Жолдошева Ленин жана Октябр райондорун Курманжан Датка жана Шабдан баатыр райондору кылып атоону сунуштаса, Элмира Жумалиева борбордо дагы бир район түзүп, ага Кара кыргыз автономиялуу облусунун биринчи төрагасы Иманалы Айдарбековдун атын берүү демилгесин көтөрдү.
Депутат Дастан Бекешов мындай демилгелерге каршы пикирин билдирип, райондорду аталышын өзгөртүүгө кеткен каражатты башка тармактарга жумшоо зарылдыгын билдирди. (BkA)
Депутат Дастан Бекешов мындай демилгелерге каршы пикирин билдирип, райондорду аталышын өзгөртүүгө кеткен каражатты башка тармактарга жумшоо зарылдыгын билдирди. (BkA)