Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

“Республика” фракциясы оппозициялык азчылыктын курамынан чыкты


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов кабарлады. Анын айтымында, “Республиканын” мындай сунушунун негизинде парламенттеги “Ата-Журт” фракциясы менен түзүлгөн “ Мыйзамдуулук жана тартип” оппозициялык коалициясы тарады.

Буга чейин “Республика” фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалицияга кошулуу тууралуу чечим кабыл алган. Бекматовдун айтымында, учурда бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, көпчүлүккө биригүү шарттары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештеги былтыр жай айында түзүлгөн “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы КСДП, “Ата-Мекен” жана “Ар-намыс” партияларынын куралган. Жакында эле фракциялардан сырткары парламентте топ түзүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алынган. Мындан улам “Ата-Журт” менен “Республикадан” чыккан айрым депутаттык топтор көпчүлүккө кошулган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG