Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Ооганстан апийим өстүрүү боюнча дүйнөдө алдыда


Ооганстан дүйнөдө апийимди эң көп өстүргөн жана өндүргөн өлкө бойдон калууда. Улуттар Уюмунун Маң аткезчилиги жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин акыркы докладына караганда, 2012-жылы дүйнөдө өндүрүлгөн апийимдин 75% Ооганстанга таандык. Былтыр Ооганстанда айдалган апийим илдетке кабылгандыктан, анын дүйнөлүк өндүрүшү 2011-жылга салыштырмалуу 30% азайган. Анын натыйжасында, апийим өстүрүү 14% көбөйгөн. Докладда Ооганстанда апийимчилик өнөр жайында 1 миллиондон ашуун адам эмгектенгени жана баңгилердин саны улам көбөйүп баратканы белгиленет. Апийим негизинен өлкө түштүгүндөгү Гелманд провинциясында өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG