Бүгүн Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаардык кеңешке отчет берет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. Анда мэр бир жыл ичинде жасалган иштер жана буга чейин депутаттарга берген убаданын аткарылышы боюнча маалымат бермекчи.
Март айында шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулган. Анда оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаттары Өмүркуловду шаардагы маселелерди чечүүгө жөндөмсүз деп күнөөлөп, ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшкөн. Бирок бул демилге көпчүлүктөн колдоо тапкан эмес. Жыйынтыкта мэрге ишиндеги кемчиликтерди оңдоо үчүн үч айлык мөөнөт берилген.(BkA)