Уимбилдондогу теннис боюнча мелдеште дүйнөнүн үчүнчү ракеткасы, былтыркы чемпион швейцариялык Рожер Федерер украиналык Сергей Стаховскийге утулуп, финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууду. Мындай күтүүсүз жыйынтык шаршембидеги оюнда болду. Федерерди уткан Сергей Стаховский теннисчилердин дүйнөлүк рейтингиндеги 116-орунда турат жана андан мындай жыйынтыкты көпчүлүк күткөн эмес.
Акыркы жолу Федерер финалга 8 жыл мурун Франциянын Ачык чемпионатында чыкпай калган эле. Чоң теннистеги дагы бир күтүүсүз жаңылык аялдар арасындагы мелдеште болду. Уимбилдондогу мелдештин экинчи айлампасында теннис жылдызы, учурда дүйнөнүн үчүнчү ракеткасы орусиялык Мария Шарапова дүйнөлүк рейтингинде 131-орунду ээлеген португалиялык Мишель Ларше де Бритого утулуп, мелдешти улантуу укугунан ажырады. Эки күн мурун дүйнөнүн эки жолку чемпиону Рафаэл Надал да биринчи турда утулуп калган эле.