Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Жети-Өгүздө кайрадан митинг өтүүдө

Ушу тапта Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылынын Маданият үйүндө митинг башталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саруу айылынын тургуну Жыргал Мажиков билдирди. Анын айтымында, 500дөй киши чогулуп турат. Бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин депутаты Эркинбек Алымбеков, вице-премьер-министр Токон Мамытов жана өкмөттүн облустагы жаңы дайындалган өкүлү Эмилбек Каптагаев катышууда.

Митингчилер Кумтөр алтын кенин иштетүү тууралуу канадалык инвестор менен кабыл алынган келишимди жокко чыгарууну талап кылууда.

Жети-Өгүздө буга чейин да Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясы өтүп, башаламандык менен аяктаган. Бир нече күн райондо өзгөчө абал тартиби киргизилген. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG