Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Соттор кеңеши судья Эркебаевадан кол тийбестикти алууга макулдугун берди


Кыргызстандын Соттор кеңеши Бишкектин Октябр райондук сотунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлайым Эркебаевадан кол тийбестик макамды алууга макулдугун берди. Мындай сунуш менен Соттор кеңешине Баш прокуратура кайрылган.

Быйыл 2-апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы Эркебаева сот чечими үчүн үч миң доллар пара алып жатканда кармалганын кабарлаган. Пара талап кылган, акча алган жана пара алууга ортомчу болуп берген деген айыптардын негизинде кылмыш иш козголгон. Бирок кийин ал иш кайра каралып чыгып, Эркебаева алдамчылык боюнча гана шектүү делген.

Гүлайым Эркебаева белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, окумуштуу, учурда Улуттук илимдер академиясын жетектеп турган Абдыганы Эркебаевдин кызы. Эркебаев буга чейин маалымат жыйынында кызы күнөөлүү эмес экенин айтып, кеп болуп жаткан үч миң доллар акчага колу да тийбегенин айткан. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG